Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

Бишкекте мектептин 32 бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алды.

Мэриядан билдиришкендей, аны тапшыруу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Эске салсак, “Алтын тамга” аттестатына өлкө боюнча 80 бүтүрүүчү татыктуу болгон.

Анын 40 пайызы Бишкектин окуучулары.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 57 окуучу жогорку балл алган.