Бишкекте 16 мектеп жана бир бала бакча коронавируска байланыштуу онлайн окутууга өттү

Бишкекте бүгүнтөн тарта 16 мектеп жана бир бала бакча коронавируска байланыштуу онлайн окутууга өттү. Анын 13ү мамлекеттик, үчөө менчик мектеп.

 

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, эки жумалык карантинге №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №8, №6 мектептер каалгасын жапты.

 

Белгилеп кетсек, соңку кездерде Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, бир күндө эле 820га жетти.  Ооругандардын басымдуусу Бишкекке туура келет.