Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медаль утту.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:
1. Фёдор Корнияш — Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицей;
2. Абдумалик Турсунов — Келечек-MIT;
3. Сейит Рыскулов — Газпром-Кыргызстан мектеби;
4. Нурсултан Эшперов — Газпром-Кыргызстан мектеби.
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.