Бишкекте 32 жаңы шайлоо участоктору ачылат.
Алардын жайгашкан ордун жана схемасын БШКнын мүчөлөрү ырастады.
Ал эми ордо калаада жалпысынан 233 шайлоо участоктору бар.
Алар шаардын 4 районуна бөлүштүрүлгөн. Мектептерде, реабилитация борборлорунда,
жогорку окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде. Эске салсак,
Кыргызстанда апрелде жергиликтүү кеңештерди, ал эми күздө
Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.