Россиядагы кыргызстандыктар 11 жерден добуш бере алышат.
Өлкөнүн 10 шаарында шайлоо тилкеси бекитилди, — дешти аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен.
Маалыматка ылайык, алгачкы эки тилке Москвада жайгашат, калгандары, Санкт-Петербург, Красноярск,
Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Южно-Сахалинск жана Сургут шаарларындагы
өлкө элчилигинин кеңселеринде жайгашат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.