Президенттик шайлоолордун бюллетени бекитилип, басмаканага жөнөтүлдү

Президенттик шайлоолордун бюллетени бекитилип, басмаканага жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Андан такташкандай, чүчү кулактын негизинде талапкерлердин номурлары аныкталып, ошол катар менен текст бекитилди. Ошондой эле, бюллетендердин формасы да такталды.

 

Белгилеп кетсек, мамлекеттик башкы постко 18 талапкер ат салышууда. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоо  10-январда өтөт.