Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний ишмерлерге шайлоонун үгүт иштерине аралашпаш керек экенин эскертет

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний ишмерлерге шайлоонун үгүт иштерине аралашпаш керек экенин эскертет.

Анын негизинде облустардын казылары райондордо жолугушууларды уюштуруп, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин соцтармактарга айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор жарыяланган.

Мыйзамга ылайык, шайлоонун үгүт иштери диний жайларда өткөрүлүшүнө тыюу салынат. Кошумчаласак,

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.