Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайра шайлоого карата жарандардан
биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери бүгүн аяктайт. Аталган 3 шаарда 17-июндан
21ине чейин атайын техникалык жабдуулар менен камсыздалган микроавтобустарда адистер
жарандарга кызмат көрсөттү, — дешти БШКдан. Муну менен жашаган жери боюнча каттоого туруп,
паспортту алмаштырса болот. Эске салсак, добуш берүү 11-июлга белгиленди.
Бүгүнкү күндө 600 миңден ашык адам шайлоого катышууга укуктуу.
.