Бишкекте №5-мектеп-лицейинин кошумча корпусу ачылды

Бишкекте №5-мектеп-лицейинин кошумча корпусу ачылды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Молдокулов атындагы

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 375 окуучуга чакталды.

Объект эки кабаттуу жана анда спорт, жыйын залдары, окуу класстары, коомдук

тамактануу жайы бар. Курулушка Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыядан

84 миллион сом сарпталды. Мектептин эски имараты мындан

42 жыл мурда пайдаланууга берилген.