Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу аяктап калды

Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу аяктап калды.

Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, жаңы имарат 384 орундуу болот.

Сметалык баасы дээрлик 72 миллион сомду түзөт. Учурда долбоор толугу менен каржыланды.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун чатыры жабылып, ички жасалгалоо жумуштары аяктады.

Объектинин айланасын көрктөндүрүү жашылдандыруу жумуштары аткарылып жатат.