Быйыл Бишкекке 800 миң бир жылдык гүл отургузулат

Быйыл Бишкекке 800 миң бир жылдык гүл отургузулат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда

күнөсканада өнүп чыккан гүлдөр атайын чөйчөкчөлөргө отургузулууда.

Назик өсүмдүктөр андан кийин жерге тигилет. Белгилеп кетсек, жыл сайын

ордо калаанын көчөлөрүндө жана сейил бактарында гүлзар пайда болот.

Аларга тагетис, сальвия, георгин, агератум, бегония, каланхоэ,

петуния жана башка гүлдөрдүн түрлөрү эгилет.