Бишкекте №9 балдар искусство мектеби үчүн жаңы имарат курулат

Бишкекте №9 балдар искусство мектеби үчүн жаңы имарат курулат. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда мектеп жайгашкан имарат 1925-жылы курулган.

 

Учурда анын эскилиги жетип, окуучулар үчүн тар болуп жатат. Анын жалпы аянты болгон 261 чарчы метрге жетет. Жаңы имарат болсо кенен болуп, 1 миң чарчы метрди камтыйт. Анда кенен окуу жайлар орун алып, ар бири заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Жаңы мектеп колдонууга кийинки жылдын күз айларында берилет.