Бишкекте “Ак-Кула” ипподрому түрттүрүлүшү мүмкүн

Бишкекте “Ак-Кула” ипподрому түрттүрүлүшү мүмкүн. Президент комплекске барып, анан абалы менен таанышты. Өлкө башчы сапарынын жыйынтыгы менен азыркы ат майданын түрттүрүп, ордуна башка тилкеде жаңысын куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.

 

Ал эми азыркы объектинин ордунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жеңилдетилген шарттарта ипотекалык насыя берүү сунушталды.

 

Эске салсак, “Ак-Кула” ипподрому 70 жыл мурда салынган. Ал ат оюндары өтчү эң ири аянттардын бири болуп саналат.