Мектептерге электрондук кезек менен балдарды биринчи класска кабыл алуу этап менен жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, биринчи этаптын алкагында окууга туруктуу жашаган жери боюнча – 10-апрелден 25-июнга чейин.
Экинчи этап 26-июнда башталып, 31-августка чейин уланат. Анда балдардын жашаган жери маанилүү эмес, мектептердеги бош орундарга кабыл алына берет. Эске салсак, документтерди кабыл алуу шарттары mektep.edu.gov.kg сайтында жеткиликтүү.