Кыргызстанда үй карантинин бузгандарга чара көрүлө баштады

Кыргызстанда үй карантинин бузгандарга чара көрүлө баштады.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов алты

адам административдик жоопко тартыларын билдирди. Анын айтымында,

санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузганы үчүн жарандарга

20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып каралган. Мындан тышкары

атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантин

эрежесин бузгандыгы аныкталды. Алар боюнча да тиешелүү

текшерүүлөр жүргүзүлөт, — деди Каниметов.