Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери планга ылайык аткарылып жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери планга ылайык аткарылып жатат.

Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда 3 этаптын биринчисинде иштер жүрүп жатат.

Тагыраагы, Нурматов көчөсүнөн Юго-Восток шаарчасына чейинки аралыкта дарыянын эки жээги бекемделүүдө.

Долбоордун алкагында балдар аянтчалары, эс алуу аймагы, көпүрөлөр, веложолчолор пайда болот.

Иштерге жергиликтүү бюджеттен 200 миллиондон ашык каражат багытталат.

Көрктөндүрүү иштери 2022-жылы аякташы күтүлүүдө.