Бишкекте банктардын биринде чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Бишкекте банктардын биринде чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, тилсиз жоо бүгүн эртең мененки саат 9да Аламүдүн районунда жайгашкан банк бөлүмүндө катталды.

 

Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн 1 бригадасы тартылды. Жалынды толук басууга 1 сааттай талап кылынды. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.