Кыргызстанда декларациялык кампания старт алды

Кыргызстанда декларациялык кампания старт алды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, документтерди кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт. 1-мартка чейин юридикалык жактар отчетторун берсе, 1-апрелге чейин физикалык жактар, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер декларацияларын тапшырууга милдеттүү.

 

Отчетторду өз убагында тапшырбагандарга карата административдик чара көрүлөт. Айып 1 миңден 5 миң сомго чейин жетет.