Ош шаарында диний ишмерлерге массалык эмдөө жасалууда

Ош шаарында дин кызматкерлерин вакцинациялоо иштери башталды.

Калаанын вице-мэри Эмил Шадыканов Санитардык-эпидемиологиялык станциянын жана казыяттын жетекчилиги менен биргеликте имамдарга, казыяттын өкүлдөрүнө коронавируска каршы вацина алуу боюнча түшүндүрмө берген.

Диний ишмерлерге жамааттык иммунитетти иштеп чыгуу талап кылынып жатканын айтып беришкен.

 

Тиешелүү шарты бар диний мекемелерде жана мечиттерде вакцинациялоо пунктулары ачылып, бүгүнкү күндө мечиттерден 300дөн ашуун адам эмделгени айтылды.

Ош шаарында 81 мечит, үч медресе жана 11 диний билим берүү мекемеси бар.