Мэрия азырынча Бишкектин борборундагы маршруттук унааларды каттамдан албайт

Мэрия азырынча Бишкектин борборундагы маршруттук унааларды каттамдан албайт.

Шаардык унаа башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу

Улан Бейшенбаев билдиргендей, учурда жаңы автобустарды жана троллейбустарды

сатып алууга каражат жок. Андыктан муниципалитет жеке жактарды иштешүүгө чакырууда.

Бейшенбаев белгилегендей, өкмөттүн токтому менен калаа бийлиги Чүй, Ибраимов,

Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия бульвары көчөлөр бөлүгүндөгү маршруттук унааларды алышы керек.

Автобустар каттамдарга кое берилгенден кийин маршруттук таксилер

шаар четиндеги коомдук унаалар жүрбөгөн тилкелерге которулмак.