Ошто Кайгуул милиция кызматы 1-декабрда иштеп баштайт

Ошто Кайгуул милиция кызматы 1-декабрда иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда биринчи этаптын  129 катышуучусу кесиптик даярдык боюнча окууларын жыйынтыктап жатат. Жакынкы күндөрү алар атайын сынактан өтөт. Тиешелүү буйрук чыкканда, кайгуул милиция түштүк калаанын көчөлөрүнө чыгат.