Бишкекте бардык мектептер 1-сентябрда балдарды кабыл алууга даяр болот

Бишкекте бардык мектептер 1-сентябрда балдарды кабыл алууга даяр болот. Буга вице-мэр Виктория Мозгачева ишендирди. Анын айтымында, учурда жалпы билим берүү мекемелеринде оңдоо иштери жүрүп жатат.

 

Бул максатта 138 миллион сом каралган. Калыбына келтирүү жумуштары жакынкы арада аяктап, мектептер каалгаларын балдарга ачат.