Мектеп бүтүрүүчүлөр аттестаттарын июлда алышат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 5-июлда орто билим жөнүндө документин 9-класстын окуучулары алса, 7-июлда аттестаттар 11-классты аяктагандарга тапшырылат.
Эске салсак, кечээ өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды. Мектепти 67 миңден ашык окуучу аяктады.
Ал эми 9-классты бүтүргөндөрдүн саны 100 миңден ашат.