Италияда эң эле күлкүлүү банк тоноо аракети катталды

Италияда эң эле күлкүлүү банк тоноо аракети катталды. Уурулар дүкөндөн банкка чейин туннель казып, ал аркылуу акчаны алып чыгууна пландашкан. Бирок алар максатына жетпей калды. Бир кылмышкер өтүп бара жатканда жер урап, аны басып калды.

 

Ал мындай туткунда 8 саат турду. Эркекке жардам бере албай калганда калган уурулар сыртка чыгып, полиция чакырууга аргасыз болушкан.

 

Тартип сакчыларга алар эмне себептен туннель казганын дагы толугу менен айтып беришти.