Бишкекте базарлар, соода борборлору, ири дүкөндөр жана кафелер санитардык нормалардын сакталышына текшерилүүдө

Бишкекте базарлар, соода борборлору, ири дүкөндөр жана кафелер санитардык нормалардын сакталышына текшерилүүдө. Рейддерди акимиат жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлеринен түзүлгөн топ жүргүзүп жатат.

 

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн бузуулар аныкталууда. Алсак, бет кап режими сакталбай, санитайзерлер коюлган эмес. Аларга карата протоколдор түзүлүп, айып салынды.