Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда. “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Төрөкул Айтматов, Репин, Ат-Башы көчөлөрүнө, 7-жана 10-кичи райондорго жарык диоддук чырактарды орнотту.

 

Ошондой эле, 7-апрель-Ахунбаев көчө кесилишинде шам чырактар алмаштырылды.