Кыргызстанга өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 328 түгөй никеге турду

Кыргызстанга өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 328 түгөй никеге турду.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жарандарды кабыл алууга

чектөө киргизилгенден кийин, никеге турууну каттоо токтотулган. Март айына

чейин арыз тапшырууга үлгүргөн жарандардын гана мамилеси таризделди.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, республикада өзгөчө абал

режими аяктагандан кийин мекеме мурдагыдай эле иштеп баштайт.