Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан вакцинаны сатып алуу боюнча бир катар альтернативалык варианттарды караштырууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан вакцинаны сатып алуу боюнча бир катар альтернативалык варианттарды караштырууда. Биринчи кезекте, COVAX глобалдык демилгенин алкагында 2 миллион 600 миң дозаны алууга арыз жөнөтүлдү.

 

Андан тышкары, россиялык вакцинанын 500 миң дозасын жеткирүү суроосу каралууда. Каражат мамлекеттик бюджеттен алынат.

 

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги донорлордун жана чет мамлекеттерде жашаган ишкер-кыргызстандыктардын колдоосуна ишенет.