Бишкекте быйыл Жеңиш парады болбойт. novosti.kgге Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 9-майда ордо калаада эскерүү митинги гана өтөт. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери катышат.
Иш-чаранын алкагында гүлчамбар коюлуп, “Өлбөс полктун” жүрүшү дагы болот.