Маданият — Жалал-Абад жолунун курулуш иштери жакынкы аралыкта жанданат.
Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин жумуштар аба-ырайынын шарттарынан улам, жаан-чачынга байланыштуу токтотулган.
Эске салсак, Маданият-Жалал-Абад жолу 27 калктуу конуштун 39 чакырым аралыгын басып өтөт.
Ал эми оңдоло турчу тилкенин жалпы узундугу 60 чакырымды түзөт. Долбоор Евразия кайра
калыбына келтирүү банкы тарабынан каржыланат. Иштер 2022-жылдын жай айларында аяктайт