Жыл башынан бери 124 унаа айып короосуна киргизилди

Жыл башынан бери 124 унаа айып короосуна киргизилди.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей,

айып бир айдан кечиктирилбей төлөнүшү керек. Талап аткарылбаса

унаа токтотмо жайга киргизилет. Кошумчаласак, эреже бузуу боюнча

57 пайызга айып төлөнсө, калган 43 пайызы унаа ээлерине токтом

жетпегенден улам ишке ашпай келет. Ал эми айдоочулар айыпка

15 күндүн ичинде төлөм жүргүзсө 50 пайыз арзандатылат.