Чолпон-Ата шаарынын ооруканасын оңдоо иштери 80 пайызга аяктап калды

Чолпон-Ата шаарынын ооруканасын оңдоо иштери 80 пайызга аяктап калды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ички жасалгалоо жыйынтыкталды, электр жабдуулар орнотулуп, сантехникалык жумуштар аткарылып, жаңы айнектер орнотулду.

 

Объектиде 32 адам иштеп жатат. Оорукана 70 орунга эсептелген.