Бизнес өкүлдөрү жана Ички иштер министрлиги бишкектиктерди акысыз ташууга автобус бөлүп берди

Бизнес өкүлдөрү жана Ички иштер министрлиги бишкектиктерди акысыз ташууга автобус бөлүп берди. Мэриянын маалыматына ылайык, транспорт №100 маршруттук каттам менен жүрүп, жарандарды акысыз ташыйт.

 

Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, бул каттам эң узун болуп, шакекче аркылуу жүргөндүктөн, тандалып алынды. Андан тышкары, Бишкекте “жүргүнчүнү ала кет” акциясы жүрүп жатат, — дешти мэриядан.