Эл аралык эксперттер Кытайдын Ухань провинциясында коронавирустун чыгышын иликтеп баштады

Эл аралык эксперттер Кытайдын Ухань провинциясында коронавирустун чыгышын иликтеп баштады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, Ухандагы базарларды, ооруканаларды жана лабораторияларды текшеришет.

АКШ, Австралия, Германия, Япония, Британия, Россия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өлкөлөрүнөн чогулган адистер

коронавирусту алгачкы жугузган адамдар менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт. Белгилеп кетсек, уюмдун эксперттери

Кытайга бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин гана киргизилди. Коронавирус алгач

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.