Бишкекте Горький атындагы эс алуу багын кайра калыбына келтирүү жыйынтыкталды. Паркта жаңы таман таштар төшөлүп, ирригациялык тармак жаңыртылды. Көчө жарыгы, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.
Эс алуу багын калыбына келтирүүгө 7 миллион сом бөлүнгөн.