Кыргызстанда быйыл 80 айыл таза сууга мүмкүнчүлүк алат

Кыргызстанда быйыл 80 айыл таза сууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата түтүктөрдү орнотуу боюнча иштер 15 айылда жыйынтыкталды.  Калган айылдарда жумуштар уланууда. Калкты таза суу менен камсыз кылууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.