Ордо калаанын Манас-Боталиев көчөлөр кесилишиндеги эс алуу багында видео байкоо камералары орнотулат. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, жабдуулар 7,5 гектар аянтты камтыйт.
Ошондой эле, эс алуу аймагында акысыз мүмкүнчүлүгү менен Wi-Fi түйүндөрү пайда болот. Жаңы паркты заманбап жабдуулар менен камсыздоого 2 миллион сомдон ашык каралган.