Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация берилди

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат, — деди  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

 

Анын айтымында, учурда иш учурунда вирус жугузуп алган медицина кызматкерлерден келген 800 документ каралууда.

 

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда оору жугузуп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон берилет. Каза болгондорго бир миллион сомдон убадаланган. Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан өмүрү кыйылган медицина кызматкерлери 80ден ашты.