Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып эч тоскоолдуксуз эле өлкөдөгү тоо, капчыгай жана көлдөргө эс алууга барса болот

Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып эч тоскоолдуксуз эле өлкөдөгү тоо, капчыгай жана көлдөргө эс алууга барса болот.

Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов белгилегендей, бүгүн тоолуу аймактарга

кирүүдөгү бардык чектөөлөр алынышы керек. Жарандар эс алууга чыкканда паспортторун алып жүрүү сунушталат.

Жолдогу санитардык-карантиндик посттордо жүргүнчү жана айдоочунун өздүгү такталып, дене табы текшерилип калышы ыктымал.