БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Муну менен катар бир мандаттуу шайлоо округдарында да добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

20 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ал тилкелерде

12 миңден ашык шайлоочу добуш берген. 5 пайыздык шайлоо босогосун 6 партия ашып өттү.

Алар, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана

«Ыйман нуру». Эске салсак, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 21 партия ат салышты.