Бүгүнтөн тарта бардык калкты тейлөө борборлору, ЗАГС, паспорт жана калкты каттоо бөлүмдөрү жаңы иш тартибине өттү

Бүгүнтөн тарта бардык калкты тейлөө борборлору, ЗАГС, паспорт жана калкты каттоо бөлүмдөрү жаңы иш тартибине өттү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, эми бул мекемелер таңкы саат 8ден кечки 7ге чейин иштейт.

 

Андан тышкары, ведомствонун буйругуна ылайык, кызматкерлердин смена менен иштөө тартиби киргизилди.

 

Мындай режим жайкысын гана иштеп, 31-августка чейин созулат.