Кыргызстанда бензиндин баасы жаңы жылга чейин кымбаттабайт

Кыргызстанда бензиндин баасы жаңы жылга чейин кымбаттабайт. Ноябрь-декабрда күйүүчү майдын баасы ушул бойдон сакталат. Адистер муну россиялык заводдордо баалар туруктуу сакталып жатканы менен түшүндүрдү.

 

Кыш күйүүчү-майдын сезону эмес болгондуктан, бензиндин баасы тескерисинче арзандашы дагы мүмкүн.

 

Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, Бишкекте  92-үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы 33 сом 40 тыйын болсо, дизелдик отундун баасы 33 сом 50 тыйынды түзөт.