АКШ элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүү боюнча иньервьюга кабыл алууну жандантат

АКШ элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүү боюнча иньервьюга кабыл алууну жандантат. Бул тууралуу аталган дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

 

Белгилей кетсек, виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу талаптары  күчүндө болот.

 

Эске салсак, АКШнын виза берүү боюнча консулдук бөлүмү пандемияга байланыштуу 2020-жылы жабылган.