Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок бул коронавирус коркунучу такыр жоюлду дегенди билдирбейт, — деди вице-мэр Виктория Мозгачева. Анын айтымында, күн сайын ордо калаада 30-50 адам вируска кабылууда.
Андыктан, шаар бийлиги жарандарга бардык санитардык нормаларды сактап, мүмкүн болсо вакцина алууну сунуштайт.
Ал эми оорунун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылып, элге аралашпай, карантинге чыгуу керек.