Алай районунда бир катар социалдык объектилер пайда болду.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, 2 бала бакча, балдар ойноочу 1 аянтча,
1 спорттук комплекстин курулушу аяктады. Объектилер пайдаланууга берилди.
Долбоорлорго жалпысынан 33 миллион 774 миң сом бөлүнүп берилген.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.