Ички иштер министрлигинде каражатты өздөштүрүп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, жеке курамга тамак-аш жана кийим сатып алууга бөлүнгөн акча фирмалардын атайын эсептерине которулуп, андан кийин өздөштүрүлгөнү аныкталды. Жыйынтыгында 34 миллион сомго зыян келтирилди.
Бул факты боюнча 5 берене менен кылмыш иши козголду. Ишти Аскердик прокуратура тергеп жатат.