Ошто дагы кинотеатр, компьютердик клубдардын иши жанданды

Ошто дагы кинотеатр, компьютердик клубдардын иши жанданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошондой эле, ресторандардын жана балдар аянттарынын ишине уруксат берилди.

 

Аталган жайларда санитардык талаптар толук сакталышы зарыл.

 

Аларды жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алат. Андан тышкары, буга чейин киргизилген тамактануучу жайлар түнкү саат 12ге чейин гана иштесин деген чечим жокко чыгарылды.