Бишкекте эртеңден тарта жылуулук тармактары текшерилет. Мэриянын маалыматына ылайык, бул кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн зарыл процедура.
13-июнга чейин аткарыла турган иштердин алкагында түтүктөр жарылып, жол катмары бузулуп, суу капташы мүмкүн.
Эгер шаар тургундары ушундай сыяктуу көрүнүштөргө күбө болсо, “Бишкек жылуулук тармактарынын” диспетчердик кызматына чалышы керек.