Абитуриенттер жогорку окуу жайларга июлда 3 этап менен кабыл алынат

Абитуриенттер жогорку окуу жайларга июлда 3 этап менен кабыл алынат.

 

novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, биринчи тур 12-июлда башталып, 17синде аяктайт.

 

Экинчи этап 19-июлдан 23үнө чейин, ал эми үчүнчү мүмкүнчүлүк болочок студенттерге 26-июлдан 31-июлга чейин берилет. Эске салсак, процедура толугу менен “Абитуриент онлайн” сайтында жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр анда жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатын тиркеп, каттоодон өтөт.