Бишкекте эртең, Жеңиш күнүнө карата борбордук көчөлөр тосулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
“Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу эртең мененки саат 8ден 11ге чейин Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев – Фрунзе тилкеси, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Ибраимовго чейинки бөлүгү жана Чүй проспектисинин Тоголок Молдо – Ибраимов тилкеси жабылат.